1-куп:
Мөлтүрөгөн сенин жүзүң ай,
Карай берем жаным көз албай.
Бул өмүрдүн өчпөс жарыгындай.
Деңиз болду сезим толкуну
Бир жылмайып карап койгону.
Ак булуттай тунук ойлогону
П-в:
Сага айтылбаган сырларым,
Бул ырымды арнап ырдадым.
Сезимдерим сүйүү жылдарым
Сенсиң менин жашоо жыргалым.
Сага деген жашоо сырларын,
Сени менен сездим жыргалын.
Наздыгыңан дүйнө жылмайып,
Жүрөгүмдү сага байладым.
2-куп:
Мүнөзүңө өзүң жарашып,
Көңүлүмө сөзүң жанашып
Бир өзүң бар өмүр таңыатып.
Сен жашайсың жаным көңүлдө,
Элесиң бар менин көзүмдө
таза сезим сага жүрөгүмдө.
3-куп:
Жайнаган сенин жамалыңан сүйкүм айланам,
Сени көргөндө жаным,
Карегиңе дайым кадалам.
Жаңырган күнүм бир өзүңө арналган,
Жанымда болчу жаным,
Кетким келбей сенин жаныңан.