Сөзү : Өмүркул Кулумбаевдики
Обону : Кубанычбек Осмоновдуку
Энекебай, оо, ыйыгым, ыйыгым,
Энекебай, оо, куманым, уюгум.
Алып келип тамырыңдан алтымыш,
Алтын өмүр бешигиңе уюдум.
Сен көз жумсаң, унутармын жыл чыдап,
Мен көз жумсам, көз өткөнчө буркурап.
Апакебай, кара чачың куу болуп,
Кош эмчегиң алмак-салмак зыркырап.
Энекебай, билем, туям эмгегиң,
Энекебай, өмүр жашың мен жедим.
Кантип мени карыш жолго узатсын,
Кактап күн-түн ак сүтүңдү эмгенмин.
Кактап күн-түн ак сүтүңдү эмгенмин.
Кирпик какпай канча жолу термедиң.
Татыбайт го минуталык толгооңо,
Менин гүлдү алып келип бергеним.