Жарты нанымды
бөлөрүм доке
Мен учун канын
төгөрүм доке
Жаштыка салып
жүргөнбүз доске
Жанылсам жолдон
сөгөрүм доке
Баскан жолуңду
көрөрүм доке
Байкаткан сыйдын
көлөмүн доке
Аманат келсе
өлөрмүн бир кун
Өмүрүм болсо
көмөрүм доке
Иии ии иий
көмөрүм доке
Досуңдун досу
болот дейт доке
Доор сүргөн өмүр
толот дейт доке
Ынтымак болсо
ортодо доке
Маанисин сөздүн
огот дейт доке
Душманын келсе
жашынган дос бар
Дубалдай бекем
басылган дос бар
Көөдөнү көзгө
ачылган дос бар
Сыр бойдон сага
катылган дос бар
Иии ии иий
катылган дос бар
Антташкан дос бар
касташкан дос бар
Катташкан дос бар
такташкан дос бар
Эшиктен кирсе
макташкан дос бар
Эшике чыкса
жатташкан дос бар
Сыйласа койун
сойот дейт доке
Таарыныч болсо
жойот дейт доке
Акырет куну
кыйналып турсам
Сени учун сообун
койот дейт доке
Иии ии иий
койот дейт доке
Иии ии иий
койот дейт доке
койот дейт доке