Эзилдим канча,
Эч нерсе келбей колумдан,
Эстетип мени,
Кетпедиң такыр оюмдан.
Көңүлүм чөгүп,
жүрөгүм турат кайгырып,
Какшыган чөлдөй,
каламбы сенден айрылып
ий
Кубантып мени
келсеңчи кайра кайрылып,
Күтөмүн сени
келсеңчи жаным кайрылып.
Канчалык мага,
Кыйындай болсо айрылуу,
Жанчылып жүрөм,
Кыйындай сага кайрылуу.
Көңүлүм чөгүп,
жүрөгүм турат кайгырып,
Какшыган чөлдөй,
каламбы сенден айрылып ий
Кубантып мени
келсеңчи кайра кайрылып,
Күтөмүн сени
келсеңчи жаным кайрылып.