Жыргалымсың - Мирбек Атабеков
1 куплет
Ойлогон ойду тыя албай
Үмүттүн баарын кыя албай
Жүрөсүң дале шок болуп
Билмексен болуп уялбай
Припев:
Сен менин айдай сулуу жыргалымсың
Демдеги толкунданган ырларымсың
Сүйүүмдү ээлеп алган кандай жансың?
Койсоңчу жанды кыйнабай.
Сен менин айдай сулуу жыргалымсың
Демдеги толкунданган ырларымсың
Сүйүүмдү ээлеп алган кандай жансың?
Койсоңчу жанды кыйнабай.
2 куплет
Ойломоюнча тура албай
Илинген тордон чыга албай
Обу жок сөздү кеп кылып
Оюнчук кылып кыйнаба
Припев:
Сен менин айдай сулуу жыргалымсың
Демдеги толкунданган ырларымсың
Сүйүүмдү ээлеп алган кандай жансың?
Койсоңчу жанды кыйнабай
Ай жүзүң тунук бул кандай?
Жүрөсүң кантип булганбай?
Татсамбы деймин даамыңды
Табышмагыңдан кур калбай!
Припев:
Сен менин айдай сулуу жыргалымсың
Демдеги толкунданган ырларымсың
Сүйүүмдү ээлеп алган кандай жансың?
Койсоңчу жанды кыйнабай