Сөзү : Ч.Айтматовдуку
Обону : М.Бегалиевдики
Кыялымда ак куу болуп,
Учуп жүрөм көл үстүнөн.
Көк асмандын мейкининде,
Балык сымал эркин сүзөм.
Кайырма:
Алыс кетсем, куса болуп,
Сагынам салкын төрүн.
Алтын көлүм, Ысык-Колум,
Сагындым мен толкун көркүн.
Байыркынын, бабалардын,
Сөзү калды көл бетинде.
Балалыгым эстен чыкпайт,
Изим калды көл четинде.
Кайырма:
Кыялымда учуп барам,
Бийик чокунун үстүнөн.
Кылым карып, кырлар ашкан,
Кыргыз көлү чөкпөсө дейм.
Кайырма: