Мезгил сен эски араба,
Терметип бизди алдаба.
Жүргүнчүңбүз биз
сахначы,
Шыгы бар бийге, ыргада.
Мезгил, мезгил араба,
Билип ал турмуш тараза.
Күчү бар ырдын күлкүнүн,
Токтотуп сени салганга.
Сахна, сахна өнөрлөр,
Эл аралап жүргөндөр.
Сенде жүрүп өттү го,
Ээй Канча алтын
өмүрлөр, өмүрлөр.
Кайгы, муң бизди
каарытса,
Капалык өмүр арытса.
Бийлебейм кантип
ырдабайм,
Ыр күлкү өмүр узартса.
Сахна, сахна өнөрлөр,
Эл аралап жүргөндөр.
Сенде жүрүп өттү го,
Эй Канча алтын өмүрлөр.
Өмүр, өмүр талаада,
Таалайсыз деп санаба.
Бизде бакыт, ырыс бар,
Эй биз жашаган сахнада,
Эй сахнада.
Сахна, сахна өнөрлөр,
Эл аралап жүргөндөр.
Сенде жүрүп өттү го,
Эй Канча алтын өмүрлөр.
Өмүр, өмүр талаада,
Таалайсыз деп санаба.
Бизде бакыт, ырыс бар,
Эй биз жашаган сахнада
Эй сахнада.
Сахнада³