Сени көрсөм жамалың
жүрөгүм эзилет
Сени көрүп ар дайым
ойум бөлүнөт
Жалгыз түндө жадырап
айды караймын
Келсе экен деп сени
бир жигит күтөт
Эмне мени мынчалык
сүйүп жүрөсүз
Айлуу түндө махабатты
издеп жүрөсүз
Мен да сизди жактырып
чындап сүйгөнмүн
Бере албастан каттарымды
өрттөп жүргөнмүн
Биздин махабат
арзууга жакындап
Гүлдөрдөй ачылса да
сезимдер уялат
Биринчи махабат
жүрөктү жаралайт
Бакыт алып келээр бекен
алгачкы махабат
Айтышат баардыгы эстейт
жаштык сүйүү
Ойлор жаман
таттуу кыял сезим күчтүү
Чыныгы сүйүү болот дейт
турмуш курганда
Өмүр бою жашаар бекен
биздин сүйүү
Тагдыр бизди табыштырды
себеби ушундай
Урматтайлы сыйлайлы
бүтпөс дастандай
Кадыр баркка жетели
бактылуулардай
Башкалар да карашып
суктанчуудай
Биздин махабат
арзууга жакындап
Гүлдөрдөй ачылса да
сезимдер уялат
Биринчи махабат
жүрөктү жаралайт
Бакыт алып келээр бекен
алгачкы махабат
Биздин махабат
арзууга жакындап
Гүлдөрдөй ачылса да
сезимдер уялат
Биринчи махабат
жүрөктү жаралайт
Бакыт алып келээр бекен
алгачкы махабат