Жайлоолоп боз үй тикпесе,
Жадырап кымыз ичпесе.
Ошол да тоолук кыргызбы?
Ардактап кары күтпөсө.
Кыр-кырда жылкы кишенеп,
Казанда турбаса бышкан эт.
Ошол да тоолук кыргызбы?
Балдары минбесе, небере минбесе
кысырек.
Кыздары беш көкүл өрбөсө,
Конокко кой союп бербесе.
Ошол да тоолук кыргызбы?
Калпагын башка кийбесе.
Кыр-кырда жылкы кишенеп,
Казанда турбаса бышкан эт.
Ошол да тоолук кыргызбы?
Балдары минбесе, небере минбесе
кысырек.
Көздөрү жалдырап жылдыздуу,
Дүйнөсү буруксуп гүл жыттуу.
Чолпондой ажары жанбаса,
Айтчы ошол тоолук кыргызбы?
Кыр-кырда жылкы кишенеп,
Казанда турбаса бышкан эт.
Ошол да тоолук кыргызбы?
Балдары минбесе, Балдары минбесе,
небере минбесе кысырек.